Кечээ, 16-декабрда Бишкекте өткөн жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасы жөнүндө кодекстин долбоору жактырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент аппаратынын өкүлдөрү, мамлекеттик түзүмдөрдүн статс-катчылары жана эл аралык уюмдардын адистери катышкан. Мамкадр кызматынын статс-катчысы Б.Сагынбаевдин айтымында, буга чейин аталган кодекстин долбоору үч тегерек столдо талкууланган. "Мындай документти иштеп чыгуу жана кабыл алуу мамлекеттик башкаруу тармагында жүрүп жаткан реформалардын алкагында абдан маанилүү",- деди ал.
Талкуунун жүрүшүндө бул документтин долбоору жактырылган. Жакынкы арада ал президент аппаратына жөнөтүлмөкчү.