“Эгер учурда орусиялык рубль арзандап жатканынан улам мигранттар ижарага алынган батир акысын төлөй албай калышса, өз мекенине кайтууга мажбур болушат”,- деди орусиялык адис, тарых илимдеринин кандидаты Екатерина Деминцева.
Анын айтымында, Орусияда эмгектенген мигранттар Орусия мамлекети тарабынан эч кандай жеңилдиктер жана жөлөк пулдарды алышпайт. "Мисалы, Москвадагы мигранттар бир батирде 20дан, бир бөлмөдө 10дон топтолуп жашашат. Алардын мекенине кайтып келишине экономикалык жагдай чоң таасирин тийгизет. Эгер мигранттардын кирешелери батирдин ижарасын төлөөгө, өздөрүнүн жашап турганына жетпей баштаса, алар мекенине кайтышы мүмкүн. Мындай көрүнүш качан болорун так айта албайм. Балким, 3-4 айдан кийин мигранттардын кайтышын байкап калабыз",- деди Деминцева.