“СУПЕР ТАНДОО-2014”: Жылдын мыктылары аныкталды

Салтка айлангандай, жылдын соңунда "Супер-Инфо" гезити ар тармакта жигердүү ийгилик жараткан инсандардын эмгегин баалап, наам тапшырып келет. Бул жылы маданият, шоу, спорт чөйрөсүндө ийгилик жарата алгандарды аныктоо үчүн SUPER.KG порталынын окурмандары үч жума аралыгында добуш беришти. Ар бир номинацияда көп добуш топтогон алдынкы үчилтик 2-турга өтүп, байге үчүн ат салышты. Жыл ичинде талбай эмгектенип келе жаткан ырчы, актёр, актриса, телеалпаруучу жана спортчулардын мыктысын аныктай турган сурамжылоо бүгүн саат 10:00дө токтотулуп, "Жылдын суперлери" аныкталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы төмөндөгүчө:

"Жылдын супер ырчы айымы" - Сайкал Садыбакасова;

"Жылдын супер ырчы мырзасы" - Нурлан Насип;
"Жылдын супер дебюту" - Самара Каримова;
"Жылдын супер актрисасы" - Элина Абай кызы, “Курманжан датка”;
"Жылдын супер спортчусу" - Айсулуу Тыныбекова, балбан;
"Жылдын супер саундтреги" - Добр, Назира Токонова, “Жашоо бир келет” (“Аят-3” тасмасына);
"Жылдын супер ремейки" - Азиза, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, “Эски досторго”;
"Жылдын супер ыры" - Султан Садыралиев, “Кыргыз бийи”;
"Жылдын ТВ персонасы" - Эркин Рыскулбеков, КТРК, “Ой ордо”;
"Жылдын супер актёру" - Азиз Мурадиллаев, “Курманжан датка”;
"Жылдын супер клиби" - Асел Кадырбекова, Нурлан Насип, “Жакшы көрөм түбөлүк”;
"Жылдын супер тасмасы" - “Курманжан датка”, (реж.: Садык Шер-Нияз);
"Жылдын сахна ажары" - Анжелика.
Бул тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин 19-декабрь күнү чыга турган №633-санынан окуй аласыздар.
"Жылдын суперлери-2014" аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (117)
bopos
2014-12-19 11:23:55
Анжеликаны жаман дебейм, жон гана ХХХ ХХХ ХХХ... кызык. Самара же Гулнур кызыдарыбыз алса болмок боексуз чыгышса да супсулуу, ал эми Анжеликаны салонундагы кыздары сулуулап чыгарат аларга салыштырмалаганда.менин жеке пикирим бул.
+1
admin_portal
2014-12-19 11:35:16
bopos - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
bopos
2014-12-19 11:28:09
коюлган суротторунон деле байкаса болот достор.бир айтаарым менин пикирим жакпай калгандарга конул бурбай башкаларды окуй бергиле демекчимин.клиптерден Данияр алса болмок аракет кылып жакшы иштеп баратты эле.
+2
Aygiza77
2014-12-19 12:10:55
Тобоо Супер мырза Гулжигит алганда Нурлан алыш керек болчу деп чыгасынар Нурландын ырлары жакшыго
0
masterklas
2014-12-19 12:40:43
Асел менен Нурландын клиби жакпайт!!!! Данияр татыктуу болчу мен кундо карап жаткам Данияр утат деп жургом, кандайча Асел менен Нурлан алды билбейм.
+4
Ima12
2014-12-19 12:52:45
masterklas, Туура айтасын Даниярдын клиби татыктуу болчу, Супер мырзага Нурлан татыктуу бирок клипке чындыгында Данияр Эрматов татыктуу болчу
+2
Ima12
2014-12-19 12:54:28
Данияр эч нерсе эмес, самый главный сенин клибинди эл супер кылыптыр ошол сага жениш
+1
Guli.K.E.
2014-12-19 12:57:06
Данияр Эрматов алыш керек эле негизи((( аябай духум тушуп калды чынын айтсам. Бирок биз Даниярды тандадык чын журоктон, ошону ал сезип дагы дагы талыкпай иштешин каалайм. Данияр, сен биз учун биринчисин баары бир. Ийгиликтер болсун сага!!!
+1
jazy
2014-12-19 15:01:59
Баары мен добуш бергендей эле болуптур бирок жылдын тв персонасына Жанар Акаевти добушберген элем окунучтуу
0
jazy
2014-12-19 15:20:22
Жылдын супер клибине Нурлан мн Асельдин клиби татыктуу эле жеке озумдун ойум боюнча мага аябай жагат кайра кайра укссам да тажабайм сонун клиб
+1
Mystery
2014-12-19 15:40:23
Султан Садыралиев - Кыргыз Бийи супер клип жана Супер Ыр болушу керек. жалпы кыргыз эли добуш берсе башкача жыйынтык болмок. Интернеттегилер эмес эле.
0
Key-KO
2014-12-19 16:11:36
Дебютту Самара Каримовага туура элэ беришкен! а сахна ажары Анжелика татыктуу.. Нурландыкы туура эмес а Элинаны кино учун элэ тандашты. Сайкал ты супер.

+1
Deniza88
2014-12-19 16:19:38
Самара каримова ким ? Она не достойна менин оюмча
0
Dadin2
2014-12-19 16:27:09
Deniza88, эми ал сиздин жеке оюнузча.Копчулутун ою боюнча, жеке менин оюмча татыктуу.
0
zoro21
2014-12-19 23:16:14
Deniza88, Самара Карима ал Самара!!!!))))
0
burka
2014-12-19 16:54:00
ХХХ ХХХ ХХХ... Данияр Эрматовдун клибин канчасы мактап жатат озунуздор эле бир карап койсонуздар
-1
admin_portal
2014-12-19 16:56:15
burka - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
burka
2014-12-19 16:56:54
данияр эрматовдун клиби татыктуу болчу ошол жердеги 3 клиптин 2 чындыгында эптемей эле тартылып калган кечир мени болсо журоко так калтыра тургандай болгон болчу
0
bek007
2014-12-19 17:09:26
Эмне бул жылы концерт болбойбу админ?
0
admin_portal
2014-12-19 17:15:26
bek007, Саламатсызбы!
Концерт болот. Жакындаганда кабарлайбыз.
+1
Mariyana
2014-12-20 03:37:06
Сайкал, Нурлан, Асел, Добр, Назира, Султан и Азиза суперсинер ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан