Бүгүн бийчи Атай Өмүрзаков жана “Тумар КР” тобу Германияда өтүүчү “Das Supertalent-2014” телесынагынын финалына катышат

Бүгүн, 20-декабрда белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германияда өтүүчү “Das Supertalent-2014” телесынагынын финалына катышат. Финал Кёльн шаарында өтмөкчү. Бул тууралуу бийчи SUPER.KG порталына билдирди.

Кошумчалай кетсек, кыргызстандык бийчилер сентябрь айынын соңунда сынактын тандоо турунда финалдык жолдомого ээ болушкан. Долбоордун 8 жылдык тарыхында биринчи жолу тандоо турунан финалга жолдомо алган бийчилер калыстарды таң калтырышкан. Анда калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сары баскычты басып, катышуучуларды түз эле финалга жөнөтүшкөн. Баш байгеси 100 000 еврону түзгөн сынактын финалына Атай философиялык идеяны камтыган номер даярдоону пландап жатканын билдирген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Altysh_Boldush
2014-12-20 13:49:55
Жакшы жанылык. Атай жана тумар кр. Силерге ишенебиз! Ийгилик силерге. Женишинерге ишенебиз.
0
Altysh_Boldush
2014-12-20 13:57:44
Супер инфо! Жылдын суперлерин тандо концертиниздер качан болот?
-1
suiuktuujar
2014-12-20 14:06:30
Ийгилик каалайм женишке жетип кубанычтуу кабар менен келгиле.
0
Bek94
2014-12-20 14:07:07
Атай азамат жигит, жениш сеники болот, ийгилик сага.
0
Shah
2014-12-20 14:12:40
Жакшы жанылык кутом Атай Силерден бир кубандыргылачы мени толкунданып сыймыктанып кетейин
+5
tynara1983
2014-12-20 14:20:31
Ийгилик Атай!!!!!
0
Adilet98
2014-12-20 15:27:57
Ийгилик!!!
0
zarlyk2211
2014-12-20 16:38:33
Ийгилик!!!
0
edu.kg
2014-12-20 17:00:35
Атайга ийгилик каалайбыз!!
0
kg-zzzzz
2014-12-20 17:31:27
удачи жигиттер кыргызстандын туусун желбиретип биринчиликке жетишип журобергиле
0
kama_future_millioner
2014-12-20 19:31:18
Ийгилик жигиттер жакшы өнөр көрсөтүп келгиле сиздерди жеңиш мн күтөбүз
0
Sadyrov_n93
2014-12-20 20:18:27
I wish you good luck,Atai,Аллахым озу колдосун,Ich wunsche ...
+1
FSB
2014-12-21 04:36:37
Sadyrov_n93, "wuensche"
0
Kalin466
2014-12-20 23:09:34
Азаматтар. Мын а ушундай адамдарды кыргыз элин дуйного таанытат деп ишенимдуу айтса болот.
+1
ABAkg86
2014-12-21 01:49:42
Ийгилик жигиттер. Сапарыңар олжолуу болсун.
+1
padysha
2014-12-21 05:00:25
Utpai kalywty okunu4tu.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан