2014-жыл кыргыз маданиятында тарыхка жазылып калган окуялар жана орду толгус жоготуулар менен коштолду. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөтү болгон Сулайман тоо, “Манас” үчилтигин улай шырдак, ала кийиз, Суяб, Баласагын тарыхый шаарлары жана кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Ал эми шоу-бизнес тармагында эмгектенгендердин жоон тобу "Маданияттын мыкты кызматкери" наамына татыктуу болушту. Көптөгөн таланттар эл аралык деңгээлдеги сынактарга катышып, өлкөбүздүн намысын коргошсо, турмуш жолуна аттангандар, наристе жытын жыттагандардын кубанычына эл орток болду. Өткөн жылдагы маданияттагы жагымдуу кабарлар, жеңиштер, жоготуулар, оош-кыйыштарды эске салып өтөбүз.
КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНДАГЫ БААЛУУЛУКТАР ЮНЕСКОнун ТИЗМЕСИНДЕ
Кыргыздын ыйык тоосу Сулайман тоо, улут дөөлөтү “Манас” үчилтиги, шырдак, ала кийизди улай жай айларында Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары Суяб, Баласагын, Невакет ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Жыл соңунда көчмөн элдердин боз үйү Кыргызстан менен Казакстандын биргелешкен аракети менен Дүйнөлүк мурастар тизмесинен орун алды. Добуш берүү учурунда 170тен ашуун мамлекеттин өкүлдөрү боз үйдү кыргыз менен казакка таандык орток мурас деп таанышты. Айтыш, көк бөрү, Өзгөн мунарасы, Таш-Рабат жана Сафед-Булан тарыхый комплекстери да бул тизмеге кирет деген ишеним бар.
МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ
Жыл ичинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен "Мыкты кызматкер" наамын алгандардын саны арбын болду. Алардын катарында ырчылар Айнура Салахидинова, Аскат Мусабеков, Дайыр Исмадияров, Эрнест Бөрүбаев, Юлия Руцкая, Жумагүл Раимжан кызы, Эльзар Өскөнбаева, "Кызыл өрүк" обондуу ырынын автору Мирлан Алыкулов, ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова, сүрөтчүлөр Майрамкул Асаналиев, Айтбүбү Бадахшанова, комузчу Рахат Көчөрбаев бар. Ал эми актёр Марат Жанталиев «Нарындын ардактуу атуулу» аталып, Асел Турдалиевага «Билим берүүнүн отличниги» наамы тапшырылды. Айтор, бул жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси дүңүнөн да, чекенесинен да берилди.
Өткөн жылы жаш ырчы Аяна Касымова орусиялык «Артист» теледолбооруна катышып, долбоордун финалына чейин жете алды. 16 жаштагы Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өткөн "X-Factor 5" сынагына катышып, биринчи турдан ийгиликтүү өттү. Бирок долбоор узакка созулгандыктан, ырчы сынактын аягына чейин катышуудан баш тарткан. Шайыр жаштардан түзүлгөн “KG club” тобунун өкүлү Акимжан Карасаев Орусиянын ТНТ телеканалындагы “Comedy Баттл” юмордук долбооруна катышып, финалга чейин жетти. Ал эми эл аралык сынактарга катышуудан тажабаган Курал Чокоев Чехиянын борбору Прагада болуп өткөн эл аралык «Diamond Voice» ырлар сынагында артистизм, көрүүчүлөрдүн баасына арзыганы үчүн атайын сыйлыктарды, ал эми вокал сынагынан 3-орунду алды. Ошондой эле май айында Уфа шаарында өткөн «Урал моңо-2014» эл аралык музыкалык сынагында Курал Чокоев 1-орунду алса, Айбек Саралаев 2-орунду багындырды. Декабрь айында белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германияда өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагынын финалына катышып, 4-орунду ээледи. Сынактын тандоо турунан эле дароо финалга өткөн топ финалда Кыргызстандын намысын коргоду. Ошондой эле Америка Кошмо Штаттарында орун алган бий боюнча дүйнөлүк биринчиликте кыргызстандык “We’ll be” бий тобу катышып, таланттарын тартуулап кайтышты.
КОМЕДИЯГА БАЙЫГАН КЫРГЫЗ КИНО ДҮЙНӨСҮ
Кыргыз кинемотографиясы үчүн өткөн жыл жемиштүү болду өңдөнөт. Камерасы бар адамдардын баары эле кино тартууга кириштиби, айтор, 2014-жылы көрүүчүлөрдүн сынына ай сайын жаңы кинолор коюлуп жатты. Алардын катарында тартууга кеткен каражаты да, кинотеатрда көрсөтүүдөн түшкөн кирешеси көп да тасмалар болду. Коомдук-саясий окуялардан улам элдин көңүлүн башка нукка буруу башкы максат болгонбу, жыл ичинде комедия жанрындагы тасмалар басымдуулук кылды. Комедия жанрында режиссёр Эрнест Абдыжапаров “Беш миң сом”, Айбек Өмүров "20дагы чал-кемпир", Нурлан Мамакеев "Султан Сулайман", "Браво", "Пентхаус", "Оштуктун 11 досу", Сапар Сайназаров “1+1=3”, Максат Жумаев “Гонщик таксист”, Руслан Акун "Герой моей девушки", Эрнест Уметалиев “Классташтар KG”, Мирлан Абдулаев “Балакай”, Камчыбек Жумабеков жана Тилек Чериков “Иттей сулуу”, Аскат Табалдиев "Бир тууганчик" тасмаларын тартуулашты. Мындан сырткары мелодрама жанрында Сүйүн Откеев “Миллиондук мелдеш-2” тасмасына режиссёрлук кылса, ырчы Асема Токтобекова "Көк жал" аттуу криминалдык драмасын тартты. Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы эң кымбат тасма аталган Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" фильми Монреаль жана Орусияда өткөрүлгөн кинофестивалдарда көрсөтүлүп, жогорку баага татыды. Ошондой эле "Оскарга" сунушталып, чет элдик кинофестивалдардын ачылыш аземинде көрсөтүлдү. Тасма SUPER.KG порталындагы жылдын мыктыларын аныктаган сурамжылоодо "Жылдын супер тасмасы" наамына татыктуу болду.