9-январда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “World Press Photo-2014” аталышындагы фотокөргөзмө ачылат. Уюштуруучулар билдиришкендей, көргөзмөгө фотожурналисттер үчүн уюштурулган "World Press Photo" аттуу сынакта жеңип чыккан 140 эмгек коюлат.
"World Press Photo" – фотожурналисттердин тажрыйбалуулугун аныктаган абройлуу эл аралык кароо-сынак. Ар жылы дасыккан фотограф жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы фоторедакторлордон түзүлгөн көз карандысыз калыстар тобу гезиттерден, журналдардан, агенттиктерден келип түшкөн фотолорду 9 категория боюнча баалайт.
Эки жума аралыгында калыстар тобу 124 мамлекеттен жөнөтүлгөн 5666 автордун 103 миң фотосүрөтүн караган. 2014-жылдын февраль айында Амстердамда аталган сынактын финалы өткөрүлгөн.
Урунттуу окуяларды чагылдырган жеңүүчүлөрдүн эмгектери коюлган фотокөргөзмө 2 ай бою аталган шаарда орун алат. Андан соң дүйнө жүзүнө саякаттайт. Ага орточо эсеп менен 2 миллион адам келет.