Кыргыз эстрада ырчысы
Ильяз Андаш алгачкы жолу ата статусуна ээ болду. Ырчынын жубайы бүгүн, 5-январда тун кызын жарыкка алып келип, кырк жылкылуу кылып отурат. Бул сүйүнүчтүү кабары менен Ильяз
SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Бүгүн өмүрлүк жарым Сүйүүнүн туулган күнү. Өзүнүн туулган күнүндө бизди кошо сүйүнтүп, жашообуздагы чоң белекти тартуулап, кыз төрөп берди. Кош бойлуу кезинде эле кыз экенин билчүбүз. Чоң атасы да кыз күткөн болчу. Ысымын да атам ыйгарат. Ата болгонума 2 саат гана болгондуктан, чынын айтсам, ал кандай сезим экенин сезе элекмин. Кызымды да жакшылап көргөзүшө элек. Бирок сүйүнүчүмдө чек жок. Жубайымдын, кызымдын ден соолуктары жакшы, жаңы эле палатага чыгарышты",- дейт толкунданган ырчы.