Ырчы Айпери Кулбаева экинчи уулун жарыкка алып келди

“Кымбатым”, “Бир элес”, “Биз экөөбүз”, "Жанымда дагы бир аз отуруңуз" аттуу ырларга кубулжуган үнү менен обон созгон ырчы Айпери Кулбаева уулдуу болду. Жаңы жыл алдында көз жарып, экинчи ирет наристелүү болгон ырчы жагымдуу кабары тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 5-январда билдирди.

Уулум 26-декабрда 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Атам балама Акдил деген ысымды ыйгарды. Үй-бүлөбүз дагы бир адамга көбөйүп, Жаңы жылды чогуу тостук. Атактуу инсан болсун деп ырымдап КРнын Эл артисти Жолболду Алыбаевге тырмагын, ал эми дастанчы Бурул Стамкуловага чачын алдырдык. Тун уулум Алманга абдан окшош экен, аябай сүйүнүп жатабыз”,- дейт кубанган ырчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aikow92
2015-01-05 18:22:18
Бешик боонор бек болсун! Тоже хочу такого счастья, маленького.
+1
nusichka
2015-01-05 19:01:11
Куттуктайм узун омуру м-н, ден соолугу м-н берсин. бизге да ушундай балдардан кудайым берерин унутпасын
+1
beka88
2015-01-05 20:11:14
менин биринчи суйуумго,алтыным бактылууу бол!!!балдарындын омуру узун болсун!жездемин ден соолугу чын болсун! (капчыгай)
+2
Nuri-Alina
2015-01-06 02:51:32
Бизгеда ушундай уулдарды насип этсин иншаллах бешик боонор бек болсун узууун омуру менен берсин кудайым
+3
Dashi
2015-01-06 11:01:57
Айпери эже куттуктайбыз!!

+1
Gulsara_1986
2015-01-06 11:23:16
Бешик боон бек болсун, досум, Акдил омурлуу, ыймандуу, кыргыздын кыраан мырзаларынан болсун!
+2
suiuktuujar
2015-01-06 12:10:56
Бешик боонуз бек болсун уулдарыныз кыргыздын керегине жараган уулдардан болушсун.
0
Mendereska
2015-01-06 15:14:29
Омурун берсин! Кыргыз элинин керегине жараган азамат болсун!
0
kg.sity93
2015-01-08 16:43:13
Бешик боонуз Бекер болсун.Акдил омурлуу болсун
0
92_Nuri_92
2015-01-21 11:16:12
Кудайым уулунуздун омуру, бактысы менен берген болсун, Куттуктаймын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан