Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда тропикалык көпөлөктөрдүн көргөзмөсү өтүүдө. “Бактылуу тропиктер” аталышындагы көргөзмөдөн Англиядан алынып келинген 50га жакын көпөлөктү көрүүгө болот.
Экскурсиянын жүрүшүндө көрүүчүлөр ар бир көпөлөктүн өзүнө таандык кыял-жоругу жана өзгөчөлүгү менен таанышууда. Мындан тышкары атайын личинкадан көпөлөк болуп жетилгенге чейинки өсүү баскычындагы курттарды көрүүгө болот.
“Көргөзмө менен көпөлөктөрдүн ажайып кооздугун көрсөтүүнү максат кылдык. Биздин мамлекетте көптөгөн кооз көпөлөктөр бар. Бирок тропикалык көпөлөктөр көп алынып келинбейт. Ошондуктан мындай экзотикалык көрүнүштү дайыма эле көрө бербейсиң”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Көргөзмө 10-февралга чейин уланат.