Борбордо Чүй, Ысык-Көл облустарынан келген балдар үчүн "Зымырыт шаарынын сыйкырчысы" аттуу спектакль көрсөтүлдү

Борбор калаадагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана майып балдар үчүн жаңы жылдык спектакль тартуулады. КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чарасында "Зымырыт шаарынын сыйкырчысы" аттуу спектакль көрсөтүлдү. Бул тууралуу 7-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Спектакль көрүүгө Бишкектеги балдар үйүнөн, Чүй облусундагы Москва, Жайыл райондорунан жана Ысык-Көл облусунан 620 бала келген. Балдардын борборго келүүсүнө КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көмөк көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан