12-январда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган чыгармачылык кече өткөрүлдү. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Б.Мамырова, ЖКнын депутаты К.Абдиев, КРнын Эл артисти Т.Казаков жана улуу инсандын замандаштары, урук-тууганы катышты. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 13-январда билдиришти.
Кече Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларынын негизинде даярдалган пролог менен башталып, ал туурасында чакан тасма тартууланды. Расмий бөлүктөн соң келген коноктор филармониянын чыгармачыл жамааты даярдаган концерттик программага күбө болушту.
Иш-чарага катышкан маданият министри Алтынбек Максүтов: "Кыргыз музыкасына эбегейсиз салым кошуп, өнөр дүйнөсүндө өз мектебин түзүп кеткен обончу, ырчы Рыспай Абдыкадыров 12-январда 74 жашка чыкмак. Ал ыр дүйнөсүнө башкаларга окшобогон лирикалуу маанайдагы кайрыгы менен баш багып, ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түбөлүк түнөк тапты. Рыспай музыкант эле эмес, торгойдун үнүндөй кубулжуган ырчылыгы, аккордеондо мыкты ойноо өнөрү, обонго тексттерди төп тандоого кудуреттүүлүгү менен айырмаланган. Ошондуктан анын “Жүрөккө жүрөк сыр берет”, “Алмашым”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Туулган жер”, “Издейм сени”, “Эсиңдеби?”, “Түгөйүм”, “Жолугарың билгемин” сыяктуу ырлары улуу-кичүүнүн оозунан түшпөй жаңырып келе жатат.
Насиптеш, үзөңгүлөш жүргөн замандаштары Рыспай агабыздын бала кыял, жан дүйнөсү таза, сезимтал адам болгонун айтышат. Обондорун жүрөк толтосунан чыгарып, жөн чыгарбай, ал окуяны башынан өткөрүп, өзү кошо жашап, буркан-шаркан түшө, сүйүп да, анын жалынына күйүп да чыгарчу экен. Анын чыгармаларын уккан адам кайдыгер кала албайт. Анткени мукамдуу лирикалуу кайрыктар коштогон обон мааниси терең сөздөр менен айкалышып, адамдын жан дүйнөсүнө сиңип турат. Ошон үчүн жылдар учуп, убакыт өтсө да "Рыспайдын ыры" деп айтылып, бул тема музыка таануучулар, ырчылар, жалпы кыргыз эли үчүн актуалдуулугун жоготпой келет. Балким, улуу обончунун чеберчилигинин сыры дал ушундадыр.
Тилекке каршы, бүт өмүрүн ырга арнап, жашоосун издөө менен өткөргөн алп таланттын эмгеги көзү барында бааланбай калды. Ошого карабастан, залкар обончу өмүрүнүн акырына чейин иштеп, табият, тагдыр энчилеген өнөрүн бапестеп бакты. Келечекте дагы көптөгөн муун үчүн Рыспайдын ырлары жүрөктүн үнү, көңүлдүн кушу, жан дүйнө азыгы болуп кызмат кылары шексиз. Канчалаган талантты таптап чыгары анык",- деди.