Орусиянын Москва шаарында жашап-иштеп жаткан мекендештерге кыргыз эстрада ырчылары Аваз Акимов жана Ильяз Абдыразаков чыгармачылыгын тартуулашты. Бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына аталган ырчылар билдиришкендей, Москвадагы ресторандардын биринде уюштурулган кече аншлаг менен өткөрүлдү.
Концертте таланттуу ырчылар көрүүчүлөрдү ыр дүйнөсүнө жетелеп, жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган популярдуу ырларын созушту. Ырчылардын чыгармачылыгын баалап, сүйүп уккан күйөрмандары чогуу бийлеп, шаңдуу отурушту. 2 күн өткөрүлгөн кечеде Аваз менен Ильязды бура бастырбай, алар менен сүрөткө түшүштү.
Ырчылар алыста жүргөн мекендештердин сагынычын таратып, жыл башында позитивдүү энергия топтоп, элдин маанайын көтөрүп кайтышканына кубанып турганын айтышты.