Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков "Балдарга китеп окуган жылдыздар" аталышындагы долбоордун алкагында китеп окуп берди. Жолугушууга балдар ата-энелери менен, студенттер келишти. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, театр, кино актёру, обончу жана аткаруучу Асылбек Өзүбеков кызыктуу чыгармаларды окуп бергени кичи спектакль койгондой элес калтырып, балдар менен жандуу, эмоционалдуу баарлашуу болду.
Айта кетсек, аталган долбоордун алкагында театр, кино, эстрада, саясат айдыңындагы атактуу инсандар өзүлөрү бала кезинде жакшы көргөн чыгармаларын бөбөктөргө окуп беришет. Бул жолугушуу балдарга жана ата-энелерге өлкөдөгү белгилүү адамдар менен таанышууга, китеп тууралуу сүйлөшүүгө жана китеп сүйгөн досторду табууга мүмкүнчүлүк түзөт.