25-январда Бишкектеги Геомеханика жана жер астын өздөштүрүү институтунда “Кышкы жомок” аталышындагы иттердин көргөзмөсү орун алат.
Уюштуруучулар билдиришкендей, көргөзмөгө 100дөн ашуун породалуу иттер катышат. Алар жашына, өзгөчөлүгүнө, татынакайлыгына жараша калыстар тобунун сынынан өтүп, эң мыктысы диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.