Бишкекте 2015-жылы күзүндө, 17-20-сентябрь күндөрү Карахандар доорунун залкар ойчулу, акыны жана мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган “Кыргыз жана Карахандар каганаттары: "Куттуу билим" жана мамлекет” аттуу 4-эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, илимий-тажрыйбалык жыйынга катышуу үчүн төмөнкү багыттарда баяндамалар кабыл алынат:
1. Жусуп Баласагындын көөнөрбөс мурасы, доору жана замандаштары;
2. Кыргыз, Карахандар жана башка түрк мамлекеттери: Башкаруу салттары;
3. Кыргыз таануу жана түркология: заманбап көйгөйлөр жана жаңы ыкмалар;
4. Археология жана антропология: Жаңы табылгалар.