"Бишкек - ислам маданиятынын борбору" аттуу долбоордун жабылуу аземинде кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аталышындагы долбоордун жабылуу аземи өтүүдө. Ага ылайык, филармониянын фойесинде кол өнөрчүлөрдүн сынак-көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөдө Кыргызстандын жети дубанынан алынып келинген эмгектер орун алды. 

Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карабекова: “Сынак өлкөдөгү кол өнөрчүлөрдүн эмгегин баалап, коомго жайылтуу максатында уюштурулду. Алардын эмгектерин маданият кызматкерлеринен турган калыстар тобу баалайт. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат”,- деди.

"Бишкек - ислам маданиятынын борбору" долбоорунун максаты - улуттук маданий мурастарды сактап калуу. Иш-чара илим, билим жана маданият боюнча түзүлгөн "Ислам" уюмунун демилгеси менен өткөрүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-01-15 18:35:53
Керемет экен, алтын колдор!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан