Ошто көпүрө салынып жаткан жерден кумура табылды

Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн түркүгү үчүн казуу иштери жүрүп жатканда кумура табылды. Бул тууралуу Ош жергесинин тургуну Куштарбек Хасанов SUPER.KG порталына бүгүн, 16-январда билдирди. 

Маалым болгондой, 2 метрдей тереңдиктен табылган кумуранын ичинен эч нерсе чыкпаганы айтылууда. Күбөлөрдүн билдирүүсүнө караганда, куруучулар кумура табылгандан кийин адистерге кайрылышкан эмес. Алар өз алдынча казып алууга аракет кылышкан. Натыйжада аны чыгарууга аракет кылып жатышып сындырып алышкан.

Адистер аны “Сулайман-Тоо” тарыхый музей-комплексине өткөрүп берүү керектигин айтышууда. Музейдин кызматкери Хайрулла Убайдуллаев бул тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин жана кызматкерлерге кабарланбагандыгын билдирген.

Эске салсак, 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Мойнок айылында болжол менен бир жарым метр тереңдиктен 4 кумура табылган болчу. Ал аталган айылдын тургуну Матөмөр Борошевдин жеке менчик жеринен чыккан. Ал жердеги дөңдү кыш куюу үчүн топурак алууга казып жатканда көрүнгөн. Бирок аны бүтүн боюнча сактоого мүмкүн болгон эмес, кумура ачылгандан кийин өзүнөн-өзү сынып түшө берген.

Ошто көпүрө салынып жаткан жерден кумура табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Ariet7
2015-01-16 16:01:26
жанталашып ичине алтын бар дешпей адистерди чакырып сындырбай жакшынакай кылып бутун алып чыгышса болмок экен каап
+3
nelli
2015-01-16 16:24:31
Бул да бир сыр катылган, байыркы ата-бабаларыбыздан калган мурастыр.
+2
Dadasdasd
2015-01-16 16:37:19
Бул жерди издоо иштерин жургузуу керек. Катар таштар коюлганында сыр бар.
+2
kg.sity93
2015-01-16 17:38:06
Навои демекчи.кочонун аты эмнеге Озбекче..Кыргызча аты калган эмеспи билишимче Чон кочонун аты болсо керек.Же Навои Ош шаарына салымын Кошкон инсан болгонбу.???кумура сынып калганы окунучтуу болуптур.
+5
Bakulya79
2015-01-16 17:52:25
Мен да алтын бар болуш керек деп ойлогом.
+3
future_kg
2015-01-16 20:37:35
Мелис мырза бекеринен копуро салдырбаса керек! Каражат табам деп эле атты эле, балким ошо кумураларга ишенсе керек!
+6
ms-23
2015-01-16 20:52:37
навои деген эмне?
+3
Manasemetei
2015-01-17 04:18:31
Novoii ko4osun atyn ozgorttuw kk da ee.Manas ko4osu dep sonun bolmok da
+4
danyshman
2015-01-17 09:06:59
Ушул Новои бизге Кыргызстанга эмне кылды эле?андан коро башка ат толтура го бизде.
+3
elgiz0890
2015-01-17 09:20:11
новаи кочосу атын озгортуп койсо жакшы болмок озубуздун залкар инсандарыбыз татыктуу чынгыз айтматовду
+3
tursunmurat1991www
2015-01-17 12:19:00
Эн бир тура айтасынар биргана новои кочосу эмес башка кочолордун атында озгортуу керек мисалы: Сталин Нариман лелин ж.блар
+6
chicago14
2015-01-18 03:46:22
Саламатсыздарбы Урматтуу Супер-Инфо!Ар дайым ушул Навои деген кочонун аты жазылган макалалар чыкканда биз элдер устудо жазылган комментарийлерге окшогон создорду, эмнеге Навои?Эмнеге озбекче?эмнеге озгортулбойт? Эмнеге кыргыздын атактуу, залкар инсандарыбыздан койушпайт деп жазып эле кала беребиз.Сиздерден коптон коп сураныч, элдин атынан тиешелуу жерге кайрылып коро аласыздарбы???Бул нерсени сиздер эле аткарбасаныздар, башка эч ким аткара албайт окшойт!
0
chicago14
2015-01-18 03:47:43
Озубуз кыймылдабасак, бизге башка элден бироо келип Кыргыздын нукура аттарыннан койуп бербейт да.
0
Almaz_kg
2015-01-18 03:56:22
Туура Навои атын озготуп музейдин жетекчиси Хайруллонун ордуна озубуздун бир тууган кыппакыргызды эле койуш керек жетекчи кылып
0
ernis11998866
2015-01-18 07:25:27
Кочонун атын Отунбаева алмаштыртпайт кайнжуртуда навои
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан