Якутияда “Түрк шоу. Бүгүн бирге” аталышындагы регионалдык уникалдуу долбоор орун алып, ага Кыргызстандын, Казакстандын жана Якутиянын эстрада жылдыздары катышты. Музыкалык долбоордун уюштуруу идеясы дүйнөнүн виртуалдуу ооз комузчусу Юлияна Кривошапкинага таандык. Аталган фестивалга Юлиянын чакыруусу боюнча КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев катышып, өнөрүн тартуулап кайтты. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына билдирди.
Концертте Бек Борбиев популярдуу ырларын аткарып, белгилүү якут музыканты Сиэн Тиитэп менен дуэт ырдады. Дуэтте Сиэн Тиитэп “дэгерен”, ал эми Бек Борбиев "Манас айтуу" стилинде обон созду. Залда отургандардын сүйүүсүнө, көңүлүнө арзыган ырчыны жана анын ар бир ырын кубанып тосуп алышты. Ал эми Казакстандан барган Кентал аттуу таланттуу, жаш эстрада ырчысы бийик диапазондуу үнү менен ыр сунуп, так секире бийлеп, саксофондо кол ойнотту. Мындан тышкары мода көргөзмөсү да тартууланды.
Жагымдуу үнү менен якут элине өнөрүн тартуулаган Бек Борбиев: “Мындай фестивалдар түрк тилдүү элдердин ынтымагын бекемдеп, достукка көпүрө болору анык. Концерт жогорку деңгээлде өткөрүлдү”,- деди. “Якутияга болгон сапарым жагымдуу таасир калтырды. Кыргыздын якут эли менен болгон боордоштугун жакындан баарлашып билип отурам. Алардын келбети, кулк-мүнөзү, тили биздикине абдан окшош экен. Ал жакта соода кылган мекендештерибизге бир туугандай мамиле кылып, ынтымакта жашашканын көрдүм. 3 күндүк сапарымда суук болгонуна карабай жаратылыштын кучагында эс алууга үлгүрдүк”,- деп кошумчалады.