Ырчы Салима Балтаева Босния жана Герцеговинада өтчү фестивалга катышат

7-февралда Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарында “Алтайдан баштап Балканга чейинки түрк дүйнөсү” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болот. Иш-чара Сараевонун 31-Кышкы фестивалынын алкагында өткөрүлөт.

Фестивалга Кыргызстандын атынан ырчылар Салима Балтаева жана Кубат Тукешов катышат. SUPER.KG порталына Салима айым билдиргендей, иш-чарада ырчылар комузда, ооз комузда кол ойнотуп, кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары менен тааныштырышат.

Ал эми көргөзмөдө кыргыз сүрөтчүлөрү Жаныбек Бердикеев, Халида Шимова жана Адылбек Байтерековдун эмгектери көрсөтүлөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NBAA
2015-01-17 00:42:48
жакшы барып кел эми мени уят кылбай карындашым менин
+1
Kalin466
2015-01-17 12:58:09
Приммммммадонна Айчурокту алып алса болмок экен,отбой калса,баллдарын кундоп тундоп жугуруп кобойтуп берет эле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан