"Тумар" бий тобу Түркияда өткөрүлгөн "Сиз Түркиянын талантысыз" аттуу мелдештин жарым финалына өттү

"Тумар" бий тобу Түркиянын Орду шаарында өткөрүлгөн "Сиз Түркиянын талантысыз" аттуу мелдешке катышты. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова бүгүн, 19-январда билдирди.

Маалым болгондой, кыргызстандык өнөрпоздорду көрүүчүлөр туруп тосуп алышты. Аталган топтун курамындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу бийчилер Адина Самыйбек кызы, Эрдик Таалайбек уулу, Талгат Карабек уулу жана алардын машыктыруучулары Эрмек Кадыров менен Тимур Сыдыков калыстар тобун да кайдыгер калтырбай сынактын жарым финалына жолдомо алышты.

Эске салсак, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Тумар" бий тобунун катышуучуларына алардын ишмердигин колдоого алууга багытталган транспорттук каражат сатып алууга сертификат тапшырган. Ал эми топтун жетекчиси Эрмек Кадыровдун айтымында, айрым бюрократиялык тоскоолдуктарга байланыштуу автоунаа колго тие элек. Анткен менен бийчилер транспорт көйгөйү жакын арада чечилет деген үмүттө турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
OTYPBARATYPELEEE
2015-01-20 03:05:18
Азаматсынар! Жараткан жалгасын. Соо адамдар катыша албай жатканда, силердин бул жетишкен ийгилигинерге ДАНК жана ДУНК. Ийгилик коштоп, Кудай колдосун.
:-)
+1
Aysuluuwa
2015-01-20 10:23:27
Ооо азаматсыңар!!!! Менин айылдагы кошунам да жүрөт Талгат Карабек уулу, кымындайынан билем бул баланы. Алты саны аман болбосо да адамгерчилиги өтө бийик бала, качан корбойун жылмайып саламынан жазбайт. бар болгула азаматтары Кыргыз элдин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан