“Алтын үн-2013” сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Темирлан Мукашов Түркиянын Стамбул шаарында Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү эл аралык фестивалга кыргыз элинин салттуу музыкасын даңазалоо үчүн катышат. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына билдирди.
“Түрк жергесинде өтүп жаткан фестивалда кыргыздын улуттук музыкасын даңазалоо үчүн патриоттук ыр аткарам. Бийчилер "Кара жорго" бийин бийлешет. Фестивалга бекер барып келүү үчүн мыкты деңгээлде даярданышыбыз керек экен. Ошондуктан кызуу даярдык көрүп жатабыз”,- дейт Темирлан Мукашов.
Жыл сайын өткөрүлүп келген фестиваль “Түрксой” Эл аралык уюму тарабынан уюштурулат. Ага түрк тилдүү мамлекеттердин өнөрпоздору катышат. Ошондой эле фестивалга катышкан музыканттар бош убактысында дүйнөдөгү тарыхый жана кызыктуу шаар катары саналган Стамбул менен таанышышат.