7-8-февраль күндөрү Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыктоочу аземи өткөрүлөт.
Ч.Базарбаевдин коомдук фондунан билдиришкендей, иш-чара 7-февралда П.Чайковскийдин “Ак куу көлү” спектакли менен башталып, 8-февралда Орусия, Куба, Казакстан жана Кыргызстандын эл аралык сынактардын лауреаттарынын катышуусунда гала-концерт болот.
Ч.Базарбаев 1949-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 1967-жылдан 1968-жылга чейин Москва академиялык хореографиялык орто окуу жайында тажрыйба алмашууга барып, окуп келген. Жыл сайын балет классикасынын отуздан ашуун спектаклдеринде ойногон. Алар: П.Чайковскийдин “Ак куу көлү”, А.Адандын “Жизель”, У.Мусаевдин “Томирис”, Петрушканын “Петрушка” жана башкалар. 2002-жылы автокырсыктан көз жумган.
Ч.Базарбаев Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын, Япониянын “Мин-Он”, Казакстандын “Алтын копре”, “Ленин комсомолу” сыйлыгынын лауреаты, АКШнын бир катар шаарларынын “Ардактуу атуулу” сыяктуу көптөгөн наамдарга ээ болгон.