Кымбат Байматова: "Кол өнөрчүлөрдүн борбору жок болгондуктан, туристтер базардагы синтетика сувенирлерди алып кетип жатышат”

Лейлекте Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин конференциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Талас райондук кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Кымбат Байматова бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, конференцияда кол өнөрчүлөрдүн көйгөйлөрү, алардын ишин жакшыртууга колдоо табуу маселеси каралат.

“Биздин кеңештин уюшулганына 2 жыл болду. Жакында биринчи съездибизди өткөрүп алдык. Эми конференция уюштурууга бел байлаганы турабыз. Алгач конференция Лейлек шаарында, андан кийин республиканын 7 дубанында өткөрүлмөкчү. Анткени ар бир аймактын өзүнө тийиштүү артыкчылыктары бар. Бири боз үй менен өзгөчөлөнсө, калгандары сайма, килем, шырдак, курак өңдүү кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Белгилей кетсем, конференцияда кол өнөрчүлөрдүн көйгөйлөрү ортого салынат. Мисалы, биздин өлкөдөгү уяң жүндүү (меринос) койлордун жүнү чет мамлекеттерге экспорттолуп кетет. Эгер ал жүндөр бизде калса, мындан да сонун буюмдарды жасамакпыз. Экинчи көйгөй: бизде кол өнөрчүлөрдүн борбору жок болгондугуна байланыштуу туристтер базарлардагы Кытайдын синтетикасынан жасалган сувенирлерди алып кетип жатышат”,- дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан