Түркмөнстандын Мары шаарында өтчү маданий иш-чарага Кыргызстандын искусство чеберлери катышат

Бүгүн КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Түркмөнстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Батыр Ниязалиевди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуу таанышуу иретинде өтүп, 2015-жылдын 9-11-май күндөрү Түркмөнстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү жана балдар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак өткөрүү маселелери талкууланды. Элчи Б.Ниязалиевдин билдирүүсүндө, бул иш-чаралар Түркмөнстандын бейтараптык макамына ээ болушунун 20 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өтөт. Түркмөнстандын маданий күндөрүндө кыргызстандыктар түркмөн өнөрпоздору менен биргеликте улуттук экспонаттар, китеп көргөзмөлөрү менен кеңири таанышмакчы.

Министр А.Максүтов өз сөзүндө 2015-жыл Түркмөнстандын Мары шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун жылы деп аталганын, бул программанын ачылышына Кыргызстандын да искусство чеберлери катышарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан