"Курманжан датка" тарыхый тасмасы интернеттеги социалдык тармактарга тарап кетти. Маалыматты бүгүн, 23-январда аталган фильмдин режиссёру Садык Шер-Нияз SUPER.KG порталына ырастады.
Режиссёр учурда Лос-Анжелесте фильмдин эл аралык сынактарга көрсөтүлүшү менен алектенип жүргөн. Садык Шер-Нияз: "Бул кыргыз кинематографиясы үчүн өтө жагымсыз, орунсуз жана кейиштүү окуя. Мамлекет үчүн дагы. Муну ачыктан-ачык уурулук деп эсептейм. Анткени биз бул фильмди чет элде жарнамалоо үчүн аябагандай зор каражат жумшадык. Дүйнөлүк чоң дистрибуциялык компаниялар менен ондогон сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. "Мына эми биринчи жолу Кыргызстандын фильмин татыктуу сатууга болот" деп ишенип калганбыз. "Айтыш-фильм" бул үчүн 10 миллион сомдон ашык каражат жумшап, фильмибизди эл таанып, чет элдик сатуулардан мамлекетибизге бери жагы 20 миллион сом түшөт деп үмүттөнүп отурганда, каракчылар бизди ушинтип кашайтып отурушат",- деди.
Кыргыз кинематографиясы өнүгүп келе жатканын белгилеп: "Эми ушул "пираттар" уурулуктан эмне табышарын түшүнбөйм. Кыргызстандын фильми чет элди тамшандырып, дагы дүйнө кыдырса, андан баарыбыз утат элек да. Күндө кыргыз кинолору Голливуддун кинолоруна татыктуу туруштук берип жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Эгерде "пираттар" менен күрөшпөсөк, анда кыргыз кинематографиясынын тамырына балта чабылып калышы мүмкүн. "Курманжан датка" боюнча эми бизде бир эле жол бар деп ойлойм. Фильмди 23-Февралга же 8-Мартка карата телевидениеден элге көрсөтүшүбүз керек, эл дагы жапырт көрсүн, ал оюмду да айттым, министрлик чечет деген пикирдемин",- деди.
Эске салсак, "Курманжан датка" тасмасынын бет ачары Бишкекте 2014-жылы 31-августта болгон.