"Жеңил унааларды алып келүүдөгү салыктык нарктын эски тарифи февраль айына чейин узартылбаса, митинг токтобойт" дейт Нурбек Турсунбаев

"Чет өлкөдөн жеңил унааларды алып келүүдөгү салыктык нарктын эски тарифи февраль айына чейин узартылбаса, митинг токтобойт". Мындай пикирин бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Унаа ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев билдирди.

Салыктык нарктын жаңы тарифинин мөөнөтүн февраль айына чейин узартуу керек. Ошондо гана жүздөгөн ишкердин моюнуна илинген көйгөйлөр жарым-жартылай чечилет. Сентябрь айында өкмөт тарабынан кабыл алынган токтом бизге каршы иштөөдө. Бул биздин чөнтөккө ири суммадагы карыздарды алып келип жатат. Эгерде өкмөт кабыл алынган токтомдун мөөнөтүн узартып бербесе, биз ал токтомду такыр алып салууну талап кылып митингдерди уланта беребиз”,- дейт Н.Турсунбаев.  

Анын айтымында, азыркы тапта унаа ташыгандардын ар биринин моюнуна кем дегенде 4, эң көбү 60 унаанын салыктык наркы илинди. Эгер аны эсептей келсек, анын суммасы 24 миң доллардан 360 миң долларга чейин чыгып кетет. Ал эми мындай эсептегенде, чет жактан алынып келген баасы 5 миң долларлык унаага 6 миң салыктык нарк кошулуп, анын баасы 11 миң долларга чыгууда. 

Унаа ташуучулар митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bakulya79
2015-01-23 14:19:38
Ушулар эле калды эле чыкпаган.
+5
sibiryak
2015-01-23 14:26:53
Закон эмне оюнчук бекен?Алдын ала эскертилип,ММКлар жазып жатышпады беле кымбаттайт деп.Кыргызчылык кылып,арзан кезинде алып келип,кымбат сатайлы дешкен да.
+13
al79mi
2015-01-23 14:28:14
женил унааларды алып келуудогу салык наркы жогорулайт дегенине канча болду?! алдын алыш керек эле да озулору...деги эле догурунгандар кобойду....
+7
Arman
2015-01-23 14:39:35
Бизнесмендер ошол мегилде арзан алып кымбат сатамын элге болоберет дешкен да. Он рулдуу машина сатышат баары. Андай машиналарга салыкты которуу керек. Онрулдууларды азайтыш керек. Митингге чыккандарга каршы чара колдонуш керек.
+3
Deniza88
2015-01-23 14:40:07
О майгад , правая руль машин апкелбей эле Койгулачы, итак кыргызстан мусорго толуп кетти)) апкелсенер он руль апкелгиле. Канчадан бери айтылып келе жатат салык ЖОгОРУЛАЙТ деп
+1
sungjinsystem
2015-01-23 14:50:08
Deniza88, ии майгад, правый руль апкелбей оң руль апкел дегенин кандай. Экоонун айырмасы жок го....
+5
vangolu
2015-01-23 15:18:04
sungjinsystem, боорду эзесинер го.тамашоу болду го бул жагы
+2
Aimeerimka
2015-01-23 16:07:03
ha ha ha
0
Shai
2015-01-23 16:28:28
Пикет Митинг кылсак узартат дегенда. Узартпаш керек алдын ала эскертилген айтылган, керек болсо сеткасын дагы жазып интернеттен жарыя кылынган. Кыргызстанда бут койгойлорду митинг менен чечсе болот деп чыгышканго?
+4
Emil0279
2015-01-23 19:50:37
Ар бир жаран оз мамлекетиндеги законго баш ийиш керек!
+1
brend007
2015-01-24 00:36:22
Бирин олуп бирин кал. Бул закон кокусунан чыгарылгандай митинг кылышат. 4-5 ай мурда чыгарылган календары. Баскыч баскыч менен которулот деп. Дуйнонун (акчанын) аркасынан тушкондор да булар. Ачкачылык жарыялап баарын олгуло кырылып. Машине коптугунон кичине шаарларыбызда пробка кобойду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан