2014-жылы өлкө аймагында 165 398 бала төрөлгөн. Эң көп төрөт Ош облусунда катталып, төрөлгөн балдардын саны 36 969ду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Эльзат Кыдырмышева билдирди.
"Бишкек шаарында 25 675, Чүй облусунда 22 778, Ош шаарында 7733, Ош облусунда 36 969, Баткен облусунда 15 885, Жалал-Абад облусунда 31 914, Талас облусунда 6784, Нарын облусунда 6691 жана Ысык-Көл облусунда 10 969 ымыркай жарыкка келген",- дейт Э.Кыдырмышева.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы өлкө аймагында 156 719 наристе төрөлгөн. 2014-жылы төрөлгөн балдардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 8619 балага көп катталган.