КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев декоративдүү прикладдык искусство боюнча белгилүү сүрөтчү Анара Исаковага өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалымат кызматы бүгүн, 23-январда билдирди.
Жоомарт Оторбаев куттуктоо сөзүндө: “Анара Искакова мамлекеттин маданият жана искусство тармагынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошту жана таланттуу кадрларды тарбиялап чыгарды. Анын эл аралык деңгээлдеги эмгегинин артынан биздин мамлекеттин имиджи көтөрүлүп жатат”,- деди.
А.Искакова - КРнын маданиятынын жана билим берүүнүн мыкты кызматкери, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин Алтын дипломунун ээси.