2014-жылы өлкө аймагында 55 251 адам баш кошкон. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Эльзат Кыдырмышева билдирди.
"Бишкек шаарында 6996 адам, Чүй облусунда 7526, Ош шаарында 2274, Ош облусунда 12 977, Баткен облусунда 5296, Жалал-Абад облусунда 10 802, Талас облусунда 2522, Нарын облусунда 2433 жана Ысык-Көл облусунда 4425 адам баш кошкон",- дейт Э.Кыдырмышева.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы өлкө аймагында 53 950 адам баш кошуп, никеге турган. 2014-жылы никеге тургандар 2013-жылга салыштырмалуу 1301 адамга көп катталган.