Ош облусунда жума намазы окулган 175 мечитте Мухаммед пайгамбарды даңазалоо иш-аракеттери кызуу жүрүүдө

Бүгүн, 23-январда Ош облустук казыяты тарабынан Ош облусунун аймагындагы бардык жума окулган 175 мечитте Мухаммед пайгамбарга (С.А.В.) карата дүйнөдө болуп жаткан мазактоо (карикатура) окуяларына байланыштуу анын адамдык сапаты, бийик адеп-ахлагы, жүрүм-туруму, баскан-турганы талашсыз үлгү экендиги боюнча баяндар жасалды. Кыргызстан мусулмандары бул окуяны сабырдуулук, даанышмандык менен кабыл алат деп белгилешти облустук казыяттан.

Мындан сырткары жумага катышкан жамааттар менен биргеликте пайгамбарга салават саламдар айтылып, анын сүннөтүн толук тутунууга жана ар кандай терс иштерде пайгамбардын кечиримдүүлүк сапатын кармануу боюнча хутбалар айтылып, анын үлгү жолу даңкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-23 16:53:11
Субухан Алла
0
Abdurahman
2015-01-23 17:23:33
Аллахтын окуму менен мусулмандардын душмандарынын мусулмандарга кылган жаман иштери алардын оздоруно каршы сокку болууда жана бул тескерисинче мусулмандардын ортосуна бекем ынтымак орнотуп ыйманын бекемдоодо иншАллах!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан