Жалал-Абадда “Бөбөк ыры” долбоорун ишке ашыруу маселеси каралды

Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева Жалал-Абад облусунун райондоруна иш сапары менен барды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан билдиришти.

Иш сапардын алкагында төмөнкү маселелер каралды:

- Мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыздоо;

- Бала бакчалардын жана жайлоо бала бакчасынын санын көбөйтүү жолу менен мектепке чейин даярдалган балдардын санын өстүрүү;

- 2015-жылдын 2-3-март күндөрү өтө турган Кыргызстандагы аялдардын улуттук форуму;  

- Балдардын кыргыз тилиндеги заманбап ырларын жандандыруу максатында жана республикадагы балдардын руханий жактан өсүшүн жана кыргыз тилин терең үйрөтүүнү көздөгөн “Бөбөк ыры” долбоорун ишке ашыруу;

- Белгилүү инсандардын бөбөктөргө сүйүктүү жомокторду окуп берүүсү менен китеп окуу маданиятын жайылтуу, балдарды китеп окууга кызыктыруу максатында иш алып барган “Китеп окуган жылдыздар” долбоору тууралуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан