Сауд Арабиясынын падышасы каза болгонуна байланыштуу Кыргызстандын муфтийи көңүл айтты

Сауд Арабиянын падышасы Абдулла бин Абдель Азиз аль-Сауд каза болгонуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн жана жалпы мусулмандардын атынан Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда муфтияттан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, муфтий Сауд Арабиянын падышасынын өлүмү бүткүл мусулман элинин оор жоготуусу экендигин белгилеп, Сауд Арабиянын элинин кайгысын тең бөлүшөрүн айтты. 
Эске салсак, Сауд Арабиянын падышасы 22-январь күнү 91 жашында каза болгон. Ал өпкөнүн сезгенүү илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып келгени айтылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kg.sity93
2015-01-24 04:13:16
Жаткан жери жайлуу болсун.бейишин берсин жараткан
0
Aviator
2015-01-24 08:10:08
жаткан жери жайлуу болсун
0
ak-buura
2015-01-24 11:27:51
Аллах рахматына алсын. Жаны жаннатта болсун. Инна лиллаахи уа инна илайхи роожи'уун. Албетте биз Аллахка таандыкбыз жана ага гана кайтуучубуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан