Ош мамлекеттик университетинде экс-президент Роза Отунбаева билим берүү кызматкерлери жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу БУУнун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү” долбоорунун алкагында болду. Жыйындын жүрүшүндө мектеп тамак-ашынын сапатын жогорулатуу, бала бакчалардын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоону камсыздоо тууралуу кеңири пикир алышуу жүрдү.