Ошто "Заманбап билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу" темасында семинар болуп өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Заманбап билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын пайдалануу” темасы боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, семинар окутуунун бир нече ыкмалары жөнүндө болуп, окуучулардын окуу процессине активдүү катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Алардын фантазиясын, чыгармачылыгын, демилге көтөрүү жөндөмүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн эркин өстүрөт. Ошондой эле өзүн өзү сыноонун өрчүшүнө жана башкалардын идеяларына сый мамиле кылууга шыктандырат. Алар өздөрү ой жүгүртүү жана эксперимент аркылуу өркүндөткөн концепциялары жана эрежелери менен сыймыктанышат. Мындай максатты көздөгөн семинар колледж мугалимдерине, окутуучуларга мыкты усул, кызыктуу маалымат болуп эсептелет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан