Бишкек-Ош жолунун кооптуу аймактарында кар көчкүлөрүн атайлап аткылап түшүрүү иштери 23-январда убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, кар көчкүлөрүн аткылоо иштери катаал аба ырайына, коюу туманга байланыштуу токтотулду. ӨКМ Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу аркылуу жүрүүгө чектөө киргизилгенин эскертет. Аталган жолдо унаалардын жүрүшүнө саат 18:00дөн 08:00гө чейин чектөө кирди.