Бүгүн Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 26-январда жогорку чыңалуудагы 110/10 кВт "Садовая" көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылындагы Западная, Колхозная, Комсомольская көчөлөрүндө, Фрунзе көчөсүнүн батыш бөлүгүндө, Садовое айылынын чыгыш бөлүгүндө, Киргизская, Пионерская, Энгельс көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасы жумуш учурунда келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан