Бишкекте 2014-жылы туризмди өнүктүрүүгө салым кошкондор сыйланышты

Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып, "Kyrgyz tourism awards-2014" аземин өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 26-январда билдиришти. 
Маалым болгондой, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө, чет элдик туристтерди тартууга чоң салым кошуп, Кыргызстандын туристтик өлкө катары даңазаланышын камсыз кылган мыктыларды сыйлоо аземи КРнын Вице-премьер-министри Д.Ниязалиева, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, ЖКнын депутаттарынын жана бир катар чет элдик коноктордун катышуусунда өттү. Вице-премьер-министр Д.Ниязалиева Кыргызстандагы туризм маанилүү тармак экенин белгилеп, экономикага бараандуу киреше тартууга жөндөмдүү экенин айтып өттү. Тандоо "Мыкты мейманкана", "Мыкты конок үйү", "Мыкты тур-оператор", "Мыкты долбоор", "Мыкты донор" жана башка номинациялар боюнча жүрдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-01-26 10:29:14
Орел и решка программанын окулдорун тосуп алгандарды да сыйлап коюш керек, Кыргызстанды уят кылганы учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан