Өлкөнүн тоолуу аймактарындагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт

27-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан