Бишкекте бир кызга ашык болгон ата-баланын окуясын камтыган "Орхидея" тасмасы көрсөтүлдү

Бүгүн, 27-январда "Манас" кинотеатрында “Орхидея” мелодрамасынын бет ачары болду. Аземге аталган фильмдин жаратуучулары, башкы каармандар, көрүүчүлөр, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Тасма кино тармагында көптү үмүттөндүргөн студенттердин эмгегинен жаралган. 4 ай убакыт ичинде тартылган фильмдин бюджети азырынча сыр бойдон калууда.

Тасманын режиссёру – Бакыт Мурат, сценаристи – Абдулалим Мамадалиев, оператору – Чыңгыз Сулумбеков, башкы каармандар – Нишанбай ТопчубаевАйнура БекбоеваРавшан уулу АмантурНурбакыт Абылкасымов.

Фильмдин идеясы чыныгы жашоодо болуп өткөн окуядан алынган. Анда башкы каарман Айнура атасынын карызы үчүн уурдалып, “Орхидея” аталышындагы гүл сатуучу дүкөндүн атына жамынган сойкуканага келип түшөт. Ал бир күнү эс алуучу жайлардын биринен Бакыт аттуу жигит менен таанышып калат. Сыр катып, анык жүзүн билдирбей, назик болуп кулпурган кыз анын жүрөгүн бат эле багынтат. Жигити ата-энеси менен тааныштырып, үйүнө алып келет. Болочоктогу жолдошунун атасы да мурда ал кызды сүйүп жүргөн болот. Анын айынан автокырсыкка учурап, майыптар арабасында отуруп калган каарман болгон арманын ичине катып, өткөн-кеткенди эстеп кайгыга батат. Чындык Бакыт үчүн ачылбай, ал Айнурага баш кошуусу, атасынын ооруканага түшүшү менен тасма соңуна чыгат. 

Фильмди жаратуучулардын айтымында, тасманын уландысы тартылат. 

“Фильмдин идеясы мындан 3 жыл мурун досум менен атасы туш болгон окуядан алынган. Мындай жагымсыз окуялар жашообузда болуп жаткандыктан, элге көрсөтүүнү чечтик. Бул менин биринчи эмгегим. 4-курстун студенти гана болгондуктан, келечек алдыда, дагы жакшы ийгиликтерди жаратабыз”,- дейт фильмдин режиссёру Бакыт Мурат. 

“Чынын айтсам, образды ачып берүүдө бир топ кыйналдым. Арабада отуруп, сүйлөй албай, ичтеги армандуу махабатты көз менен жеткирүүдө убара тарттым. Өзүңдөн кичүү кызга сүйүүңдү арноо абдан кыйын экен. Акырында көзү өтүп кеткен келинчегимдин жүзүн элестетип, Айнурага “мен сени сүйөм” деп айттым”,- дейт актёр Нишанбай Топчубаев. 

Адамдарды аруулукка чакырган "Орхидея" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
EdikoKG
2015-01-27 16:01:57
Катардагы саны бар,сапаты жок тасма.
+5
Suke93
2015-01-27 17:36:56
Ийгилик жигиттер!!!сынчылар уро берет,сёмка журо берет. Шумкар зардалы.
0
Abdyrawit
2015-01-27 23:26:55
Азыр камерасы бар адам эле кино тартып аябай эле өнүктүк...
Чындыгында бул кино тартуу бизнеске айланды.....

Эмнеси болсо да ийгилик каалайм!
0
jenis91
2015-01-28 03:15:21
Ар ким озу билет сынды койуп суйунсонор онукконуно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан