Зомбулуктун алдын алууда Кыргызстанда жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарынын маалымат базасы түзүлөт

Кыргызстанда жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарынын маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу маселесине арналган жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, ар бир мектепте жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын толук тизмеси болуш керек. "Мындан тышкары мигранттардын балдарынын базасы түзүлөт. Бардык маалыматты чогултуу кыйын, бирок колубуздан келет. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. Социалдык өнүгүү министрлиги "111" ишеним номерин ишке ашырууну пландап жатат. Бул номер аркылуу ар бир жаран зордук-зомбулук фактысы боюнча кайрыла алат. Өлкөдө балдарды коргоо борборлорун да ачууну пландап жатабыз",- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yasmina_kg
2015-01-27 16:13:29
Кагаз ишинде калбаса болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан