“Азия Микс” КВН курама командасы “КиВиН-2015” Эл аралык фестивалынын Жогорку Лигасына өттү

Кыргызстандын “Азия Микс” КВН курама командасы Сочиде өткөрүлгөн “КиВиН-2015” 16-Эл аралык фестивалынын Жогорку Лигасынын командаларынын катарын толуктады. Бул тууралуу КВН Эл аралык биримдигинин расмий баракчасында маалымдалган. 

Айта кетсек, фестиваль 12-январда Сочиде башталган. Ага жалпысынан 344 команда катышып, экинчи турга 72 команда өткөн. “Азия Микс” командасы 3-айлампада өнөрүн тартуулап, Жогорку Лигада ойной турган 20 команданын катарын толуктады. Фестиваль 25-январга чейин өткөрүлдү. Белгилей кетсек, “КиВиН-2015” 16-Эл аралык фестивалы 25-февралда старт алат. 

Жогорку Лигага катышуучу командалар: 

- Грузиянын курама командасы;

- "Радио "Свобода", Ярославль;

- “Омичи”, Омск;

- “МФЮА” курама командасы, Москва-Волгоград;

- “Сборная банкетных ведущих”, Татарстан Республикасы;

- Дагестан курама командасы, Махачкала;

- “Плохая компания”, Красноярск өрөөнүнүн курама командасы;

- Айыл чарба академиясынын курама командасы, Иркутск;

- “Хорошие друзья”, Минск;

- “С.У.Р.А”, Пенза;

- “Саратов”, Саратов;

- “Молодость”, Красноярск;

- “Экскурсия по городу”, Новосибирск;

- “Азия Микс”, Кыргызстан;

- “Спарта”, Астана;

- “Детективное агентство “Лунный свет”, Белгород;

- Мурманск шаарынын курама командасы;

- “Горизонт”, Москва;

- “Приоритет ДГТУ”, Ростов-на-Дону;

- Камызякск өрөөнүнүн КВН боюнча курама командасы, Астраханск облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
FSB
2015-01-27 16:13:09
Bravo!!!!!
0
kama_future_millioner
2015-01-27 16:14:50
Ооохо сонунгоо куттуктайм
0
Dinaraa
2015-01-27 16:16:08
азаматсынар. ийгилик...
0
samidinova84
2015-01-27 16:45:44
АЛГААА!!!
0
ArgenMers
2015-01-27 17:45:22
Супер инфо Сборный Тамашоу катышпадыбы Эмне?
0
kg-zzzzz
2015-01-27 19:00:49
азаматсынар быйыл эми жаны тамашаларды жакшылап ойлоп таап чыккыла эскилерли кайталабац
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан