"Тумар" бий тобу өлкө башчы тапшырган каражатка автоунаа сатып алды

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдардан турган “Тумар” бий тобу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тапшырган каражатка Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаа сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда аталган топтун машыктыруучусу Эрмек Кадыров SUPER.KG порталына билдирди.

Беделдүү спорт клубунан кетүү чечимин кабыл алып, бош убактысын ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө арнаганы үчүн көңүлү көтөрүлүп жатканын билдирген Эрмек Кадыров: "Балдар араба менен жүргөндүгүнө байланыштуу кышында аларды сүйрөп алып аялдамага чейин 3 чакырым жөө басып келип, троллейбус күтчүбүз. Кээде алар да салбай кетип калышчу. Керектүү жерге такси менен барууга мажбур болчубуз. Буюрса, эми жүрөктү өйүп келген бир көйгөйүбүз чечилди. Президентибизге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз",- деди.

Эске салсак, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Тумар" бий тобунун катышуучуларына алардын ишмердигин колдоого алууга багытталган транспорттук каражат сатып алууга сертификат тапшырган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kama_future_millioner
2015-01-27 19:50:11
Жакшы нерселерге иштеткиле
+1
brend007
2015-01-27 20:21:51
ийгилик
+4
Bakulya79
2015-01-27 21:31:26
ошондой эле болсун.
+2
Manasemetei
2015-01-28 03:08:37
buirusun.
0
bema_bema
2015-01-28 03:46:35
Куллук болсун машинанар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан