Кыргызстанда медициналык тейлөөнүн сапатын иштин жыйынтыгына карап акы төлөө менен жакшыртуу пландалууда

Кыргызстанда медициналык тейлөөнүн сапатын иштин жыйынтыгы боюнча акы төлөө менен жакшыртуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-январда саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар жыйынтыкка багытталган каржылоо боюнча долбоорго талкуу жүргүзүшкөн. Анын алкагында райондук ооруканалардагы наристелүү энелерге болгон медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына карап акы төлөө пландалууда. Мындан тышкары долбоор медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга багытталган. Ал ишке ашырылганда, иштин жыйынтыгы боюнча акы төлөө аркылуу медициналык тейлөөнүн сапаты жакшырышы күтүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан