“Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн тендерде "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталды

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн тендерде кыргыз-орус биргелешкен "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, тендерге "Dessa International S.R.L." (Молдова), "Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd." (Кытай), "Ozone Iletişim Teknolojileri" (Түркия), "Стилсофт Бишкек" (Кыргызстан), "Anteo Worldwide" (Швейцария) компаниялары катышкан.

Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. 

Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан