Өкмөт жооп берет: Дыйкандар, жеке ишкерлер мамлекеттик тендерлерге катышууга патентти кайдан алышы керек?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Менин чакан эт дүкөнүм бар. Малды өзүбүз таза багабыз. Этти (бир гана уй эти) жиликтебей сатабыз. Дүкөндү чоңойтуп, этти иштетип, полуфабрикат кылып сатайын дегем. Ошондой эле тоок, каз, өрдөк, жылкы, топоз этин кошо сатайын деген план бар. Бирок бир эле сатуудан пайда түшпөйт экен. Мамлекеттик ишканалар, аскер бөлүктөрү өз ашканаларына керектүү эт азыктары боюнча тендер өткөрүшөт эмеспи. Менин патент же лицензиям жок болгондуктан, тендерге катыша албайм. Ортомчулар менден арзан алып, үстүнө кошуп өткөрүшөт. Менин суроом: жеке ишкерлер, дыйкандар патент же лицензия алыш үчүн кайсы тармактарга кайрылышы керек? Суроо калтырган future_kg.

Жооп: - "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" КРнын мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмегин белгилейт.

Ошону менен бирге этти сатуу ушул мыйзам белгилеген лицензиялардын жана уруксаттардын тизмегине кирбейт, тактап айтканда, этти сатуу үчүн лицензия жана уруксат алуунун кажети жок.

Этти сатуу үчүн патент алыш керек, бул боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына кайрылууңуз зарыл.

Суроого Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан