Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Жаңы 2015-жылдын январь айында Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путин "Аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койгон. Бул указга ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн түзүмдөрүндө келишим (контракт) түзүү менен аскердик кызмат өтөй алышат.
Мындан улам суроо: Кыргызстандын жарандары Орусиянын армиясында аскердик кызмат өтөй алышабы? КРнын Конституциясы буга уруксат береби? Суроо калтырган Xabibbullo.
Жооп: - Кыргыз Республикасынын “КРнын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргызстандын жараны Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө аскердик милдетин өтөшү керек.
Эгер Кыргызстандын жараны Кыргыз Республикасында кызмат өтөп, андан кийин башка мамлекеттин армиясында келишимдик негизде кызмат өтөгүсү келсе, мыйзам чегинде ага тыюу салынбайт.
Эгер Кыргызстанда кызмат өтөбөй туруп, башка мамлекетте аскердик кызматты өтөсө, ал аскердик кызмат Кыргыз Республикасында аскердик кызмат катары эсептелинбейт жана ал жаран 25 жашка чыккыча аскерде кызмат өтөбөсө, аскерден качкан болуп эсептелинип, мыйзамга ылайык, жоопко тартылат же айып пул төлөйт.
Суроого Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.