Кыргызстандын “Тумар” бий тобу 5-февралда Киев шаарында өткөрүлүүчү “Украина - менин таланттарым” аттуу теледолбоордун 1-туруна өттү. Муну ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бийчилерден турган топтун жетекчиси Эрмек Кадыров бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына билдирди.
“26-январда Киевден расмий чакыруу келди. Алар быйылкы сезон дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын катышуусунда өткөрүлүп, өзгөчө болот дешет. Сынакка катышып, өнөрүбүздү тартуулап келүүгө даярбыз. Бирок бешөөбүздүн барып-келүүбүзгө 2 миң доллар керектелүүдө. Учурда демөөрчү издеп жатабыз. Биз дагы Атай Өмүрзаковдой Кыргызстандын атын чыгаралы дейбиз”,- дейт Эрмек Кадыров.
Аталган топтун курамын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу бийчилер Адина Самыйбек кызы, Эрдик Таалайбек уулу, Талгат Карабек уулу жана алардын машыктыруучулары Эрмек Кадыров менен Тимур Сыдыков түзөт.
Эске салсак, “Тумар” бий тобу Түркияда өткөрүлгөн "Сиз Түркиянын талантысыз" аттуу мелдештин жарым финалына өткөн.