Бишкекте жазуучу Элүүбай Отунчиевдин 75 жылдык мааракесинде “Жеңижок” үчилтигинин бет ачары болду

Бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде белгилүү жазуучу Элүүбай Отунчиевдин 75 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасы өткөрүлдү. Анын алкагында кыргыздын улуу жана кайталангыс төкмө акыны Өтө Көкө уулунун жаркын элесине арналып жазылган Элүүбай Отунчиевдин “Жеңижок” үчилтигинин бет ачары болду. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу кечеге КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Эгемберди Эрматов, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты. 

Иш-чарада Элүүбай Отунчиевдин жазуучулугу, журналисттиги, саясий жана коомдук ишмердүүлүгү туурасында замандаштары, партиялаштары кеп козгошту. Жаңыдан жарык көргөн “Жеңижок” тарыхый үчилтиги кыргыз адабияты менен маданиятына кошкон зор салым, чоң ийгилик экени белгиленди. Окурман журтчулугу бул китептен кыргыз элинин 19-20-кылымда басып өткөн жолу, окуялары, турмуш-тиричилиги, адеп-ахлагы, үрп-адаты, маданияты жана өнөрү менен кеңири тааныша алат.

Маданият министри Алтынбек Максүтов: “Элүүбай Отунчиев - кезегинде адабият үчүн канын азык, каруусун казык кылып, калем менен кагаздын жан шерик досуна айланышына болгон аракетин жумшап, терең билим алып, окурман журтуна бир топ руханий азык берген күжүрмөн калемгер. Жазуучунун буга чейинки жарык көргөн Баткан күн чыгатСергек өмүрлөрБир тоголок данАлтын казык өңдүү жыйнактары, котормолору жана Молдо Асан” сыяктуу тарыхый романы эл ичинде жандуу жашай берери шексиз”,- деди. 

Элүүбай Отунчиев Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымкент айылында 1939-жылы 15-ноябрда туулган. Ал Кыргыз жазуучулар шериктештигинин мүчөсү. 1963-жылы КМУну бүтүргөн. 1977-1979-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунун жогорку курсун аяктаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан