Курсан Асанов: “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн тендерде эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок"

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн тендерде кыргыз-орус биргелешкен “Стилсофт Бишкек” ишканасы жеңүүчү аталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, тендердик комиссия 25 адамдан турган. Арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдар, көз карандысыз эксперттер, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да бар.

Тендерди өткөрүүдө эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Ачыгын айтсак, талашып-тартышуулар болду. Акырында комиссия мүчөлөрүнүн тандоосу менен тендерге катышкан 5 ишкананын ичинен “Стилсофт Бишкек” жеңүүчү аталды. Ишкана Бишкекте катталган. Эми 60 күндүн ичинде келишимге кол коюлушу керек”,- деди Курсан Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан