2015-жылдын 30-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу) кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.